• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2020-жылы Жалал-Абад облусунда 5 ФАП жана бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулган

Аймак 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. 2020-жылы Жалал-Абад облусунда 5 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты курулган. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыл ичинде медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу максатында оңдоп-түзөө иштерине 16 миллион 900 миң сом сарпталган.

Ал эми тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 8 даана тез жардам унаалары берилген.

Пикир

Оставить комментарий