• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2020-жылы жашы жете элек 72 бала өзүнө-өзү кол салган – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде жашы жете элек 72 бала өзүнө-өзү кол салган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өз өмүрүнө кол салгандардын ичинен 51и эркек бала болсо, 21и кыз.

"Өзүнө-өзү кол салууга балдардын көйгөйлөрүнө улуулардын кош көңүл мамилеси, анын ичинде баланын аң-сезимине оор таасир берген үй-бүлөлүк чыр-чатактар түрткү болууда", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле 9 ай ичинде жашы жете электер арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу максатында 6 миң 644 иш-чара уюштурулду.

Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери жаштар арасында жана жалпы билим берүү мекемелеринде окуган окуучулардын укук бузууларын алдын алуу максатында тегерек стол, спорттук иш-чара, семинар, конференцияларды өткөрүшкөн.

Андан сырткары, окуу жайларда 36 миң 800 лекция окулган.

Пикир

Оставить комментарий