• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2021-2023-жылдарга COVID-19га каршы мекемелер аралык жаңы план иштелип чыгууда — министрлик

Коом 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ДССУнун колдоосу менен министрликтин департаменттеринин адистеринин, COVID-19ду алдын алуу жана көзөмөлдөө үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын катышуучуларынын алдында турган негизги милдет бул - инфекциянын жайылуу коркунучун азайтуу үчүн 2021-2023-жылдарга COVID-19га каршы аракеттер планын иштеп чыгуу болду.

Иштелип чыккан пландын долбоору COVID-19га даярдыкты жакшыртуу боюнча институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле келечекте коомдук ден соолукка коркунучтарды алдын алууну камтыйт.

Пландын маанилүү компоненттери - туруктуу каржылоо, секторлор аралык координация, саламаттык сактоону толук санариптештирүү, ошондой эле ден соолукту коргоо эрежелерин үзгүлтүксүз сактоо, компетенттүү булактардан алынган маалыматка элдин ишеничин жогорулатуу жана пандемияда сунушталган жүрүм-турумдарды сөзсүз кабыл алуу.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев бүгүнкү күндө иштелип чыккан планды ишке ашыруу менен, 2022-2023-жылдардагы коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык коркунучу азаярын белгиледи.

"Биз COVID -19 менен гана эмес, келечектеги жугуштуу оорулардын чыгышына даярдыкты жакшыртуу үчүн учурдагы кырдаалдан кээ бир сабактарды алышыбыз керек. Өлкөнүн мындай кризистен чыгуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү үчүн ведомстволор аралык координацияны жакшыртуу өзгөчө маанилүү», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий