• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

2021-2024-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды зомбулуктан коргоо Планынын долбоору боюнча коомдук угуу өттү

Коом 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-27-январында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги “Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун техникалык колдоосу менен 2021-2024-жылдарга үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана балдарга карата зордук-зомбулукту, ырайымсыз мамилелерди болтурбоо боюнча планынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, план төмөнкү бөлүктөрдөн турат: Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо чөйрөсүндөгү укуктук-ченемдик базаны өркүндөтүү, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, деңгээлин жогорулатуу, балдарга, алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) балдарды колдоо боюнча укуктук билим берүү жана маалыматтык камсыздоо.

Бул онлайн талкулоолорго 160 өкүлдөр катышты:

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү;

- шаардык мэриялардын өкүлдөрү;

- аймактык балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу кызматтардын, балдарды кароо борборлорунун кызматкерлери, жана ошондой эле зордук-зомбулуктан, ырайымсыз мамилелерден жана кыйноодон жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү боюнча суроолор менен атайын алектенген коомдук уюмдардын адистери.

2021-жылдын 10-февралына чейин баардык кызыккан адамдар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин электрондук почтасына depdeti@mail.ru сунуштарын жиберсе болот, иш-мерчемдин долбоору менен - https://drive.google.com/drive/folders/1PC6EcHzeikp37CZpvLUhvMjasDP26dVL?usp=sharing ссылкасы аркылуу таанышсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий