• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2021-2024-жылдарга КРда билим берүүнү өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды

Билим 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинде 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасынын долбоору талкууланды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, талкууга министрликтин жетекчилиги жана көрүнүктүү коомдук ишмерлер, билим берүү жаатындагы эксперттер катышты.

Документти иштеп чыгууга жигердүү катышкан министрдин коомдук кеңешчиси, профессор Бактыбек Исмаиловдун айтымында, программа «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана мурда кабыл алынган «2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү концепциясын», «2012-2020-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын», «Кыргыз Республикасынын орто жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты» (2014-ж.), «2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы» сыяктуу документтердин негизинде иштелип чыккан.

Программанын максаты:

- Кыргызстандын элдеринин руханий жана маданий баалуулуктарын, алардын улуттук иденттүүлүгүн жана өзүнчөлүгүн сактоону жана чагылдырууну;

- ички жана тышкы чакырыктарга ийкемдүү мамиле жасай турган башкаруунун майнаптуу механизмдерин түзүүнү;

- полимаданий коомдун билим берүү боюнча суроо-талаптарын жана муктаждыктарын сапаттуу канааттандырууну;

- Экономиканын ийгиликтүү өнүгүүсүн жана Кыргызстандын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууну камсыздай турган бир бүтүн, ийкемдүү, ачык жана динамикалуу өнүгүп жаткан улуттук билим берүү системасын өнүктүрүү жолдорун аныктоо болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий