• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 412 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий