• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Коргоо министринин төрагалыгы астында Куралдуу күчтөрдүн коллегиялык отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-ноябрда КР Коргоо министрлигинин жетектөөчү курамынын, башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командалык курамы менен оперативдик жыйын өттү.Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө 2021-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы астында Куралдуу күчтөрдүн коллегиялык отуруму өткөрүлдү.

Коллегиянын жыйынына КР УКМК, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы, Аскер прокуратурасынын жана башкалардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Коргоо министрлигинин кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин күжүрмөн жана ыкчам даярдыгы, укуктук жана аскердик тартиптин абалы тууралуу докладдар угулду.

Коргоо министрлигинин жетекчи курамы менен оперативдик жыйынды өткөрүү биринчи кезекте КРнын аскердик коопсуздугун камсыз кылууну мындан ары өркүндөтүү максатында башкаруу, кошуун, аскердик бөлүк жана мекемелердин ишинин бирдиктүү методикасын иштеп чыгууга багытталган.

Иш-чаранын соңунда Б. Бекболотов Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамына 2022-окуу жылына тапшырмаларды коюп, жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты аскердик бөлүк катары табылган 30630 аскер бөлүгүнүн командачылыгына өтмө вымпелин тапшырды.

Ошондой эле 2021-окуу жылында мыкты ийгиликтерди жараткан бир катар аскер кызматчыларын сыйлады.

Пикир

Оставить комментарий