• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2021-жылдын 1-кварталында КРнын тышкы соода жүгүртүүсү 14%га көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 2020-жылы Кыргызстандын экономикасы эң көп зыян тарткан. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, ага карабастан учурда өсүү динамикасы байкалат. "Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 14 пайызга көбөйдү", - деди ал.

Жапаров кошумчалагандай, коронавирус пандемиясы экономиканын алсыз тармактарына таасирин тийгизген, алар, курулуш, кызмат көрсөтүү жана өнөр жай. "Мындай тенденция бир гана бизде эмес, дүйнө жүзүндө байкалууда. Бир гана Кытай туруштук бере алды", - деп түшүндүрдү министр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий