• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодекси иштелип чыгат

Президент 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бизнес-коомчулук менен болгон жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы жолугушуунун жүрүшүндө Салык кызматы болсо пландык текшерүүлөр кыскарууда деген маалымат бергени менен, пландык эмес жана ички текшерүүлөр көбөйүп жатканын тастыктаган маалыматтар бар экендигин айтты.

«Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай көп сандагы текшерүүлөр тергөө органдарынын көрсөтмөлөрү жана өтүнүчтөрү боюнча ишке ашырылып жатат деп айтылууда, бул маалыматтар бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен, бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтык чыкканын жана аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи. Бул кадам бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадамдардын бири болду. Ошону менен бирге, 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгууну, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшыргандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий