• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2021-жылдын 6 айында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү 2 эсеге көбөйдү

Экономика 0

Бишек, 13.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-июнунда 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2 эсеге көбөйүп, 321 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу, бардык түзүүчүлөрдөн келип түшүүсүнүн көбөйгөндүгү белгиленди, менчик капиталдын төлөмдөрүнөн башка, алардын көлөмдөрү 4,9 пайызга кыскарды.

Январь-июнда тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү:

Млн АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2020

2021

2020

2021

Бардыгы

164,4

321,2

100

100

Менчик капитал

4,4

4,1

2,7

1,3

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

90,4

183,0

55,0

57,0

Башка инвестициялар

69,6

134,1

42,3

41,7

анын ичинде:

резидент эместерден алынган кредиттер

60,4

112,2

36,7

34,9

соода кредиттери

6,7

21,9

4,1

6,8

башка кредитордук карыз

2,5

0,0

1,5

0,0

1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (97 пайыздан ашыгы) геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого – 3,9 эсеге, иштетүү өндүрүштөрүнүн ишканаларына – 1,5 эсеге, пайдалуу кендерди казуу – 5,0 эсеге, маалымат жана байланышка – 27,8 пайызга, дүң жана чекене соодага – 30,0 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө инвестициялар – 12,6 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 2,0 эсеге көбөйдү, бул негизинен, алардын Германиядан – 10,2 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, иштетүү өндүрүшү), Кипрден – 5,7 эсеге, (иштетүү өндүрүшү), Улуу Британиядан – 3,5 эсеге (гелологиялык чалгындоого), Түркиядан – 3,0 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү), Кытайдан – 2,0 эсеге (геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу), Швейцариядан – 1,7 эсеге (маалымат жана байланыш) жана Нидерланддан – 21,8 пайызга (иштетүү өндүрүшү, финансылык ортомчулук жана камсыздандуу, маалымат жана байланыштын) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (31,8 пайызы), Түркияга (19,3 пайызы), Нидерландга (11,4 пайызы), жана Улуу Британияга (10,1 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйдү, бул алардын Азербайжандан 11,0 эсеге (саламаттыкты сактоо, дүң жана чекене соода), Россиядан 3,0 эсеге (иштетүү өндүрүшү, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен касыздоо (жабдуу), дүң жана чекене соода) жана Казакстандан 18,6 пайызга (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене сооданын) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2020-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу Талас облусунун ишканаларына – 11,1 миң эсеге, Ош облусунун – 15,4 эсеге, Жалал-Абад облусунун – 6,5 эсеге, Ысык-Көл- облусунун – 4,1 эсеге, Чүй облусунун – 1,9 пайызга жана Бишкек шаарынын ишканаларына – 12,0 пайызга көбөйдү.

Өткөн мезгилде келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 43 пайыздан ашыгы, Бишкек шаарынын ишканаларына - 31 пайызга жакыны, ошондой эле Чүй облусунун ишканаларына - 16 пайызга жакыны туура келди.

2021-жылдын январь-июнунда 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 9,2 пайызга кыскарды жана 548,2 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 227,0 млн. долларга ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдө чыгып кетүү агымынын менчик капиталы 3,2 пайызга жана ошондой эле кайра инвестицияланган пайданын – 1,5 эсеге көбөйгөнү (анын көлөмү ишкананын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан (чыгашасынан) жана төлөнгөн дивиденддерге жараша болот) белгиленди.

Январь-июнда тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы:

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2020

2021

2020

2021

Бардыгы

603,9

548,2

100

100

Менчик капитал

13,8

43,8

2,3

8,0

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

274,1

397,5

45,4

72,5

Башка инвестициялар

316,0

106,9

52,3

19,5

анын ичинде:

резидент эместерден алынган кредиттер

229,3

94,1

38,0

17,2

соода кредиттери

86,7

12,8

14,3

2,3

башка кредитордук карыз

0,0

0,0

0,0

0,0

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (93 пайызга жакыны) иштетүү өндүрүшү, геологиялык чалгындоо жана пайдалуу кендерди казуу ишканаларында байкалды. Муну менен бирге, инвестициялардын чыгып кетүү агымы иштетүү өндүрүшүнөн 2,9 эсеге көбөйсө, ал эми геологиялык чалгындоо чөйрөсүндө, тескерисинче, 4,5 эсеге, пайдалуу кендерди казуудан – 2,2 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 9,9 пайызга төмөндөдү, бул негизинен, алардын Германияга (11,5 эсеге), Улуу Британияга-5,1 эсеге, Кытайга-2,2 эсеге, Швейцарияга-2,1 эсеге жана Түркияга-1,5 эсеге төмөндөшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициянын Нидерландга чыгып кетүү агымы - 7,8 эсеге, Канадага – 5,6 эсеге көбөйдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Канадага (49,5 пайызы), Кытайга (29,8 пайызы), Улуу Британияга (3,2 пайызы) жана Түркияга (3,0 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2,5 пайызга төмөндөдү, бул инвестициялардын Казакстанга (3,7 эсеге) кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен катар, Россияга (1,3 эсеге) чыгып кетүү агымы көбөйдү.

2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынан, ощондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан башка, бардык региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында чыгып кеткен тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Ысык-Көл облусунун ишканаларына – 50 пайызга жакыны, Чүй облусунун ишканаларына - 19 пайыздан ашыгы, Бишкек шаарынын ишканаларына - 18 пайызга жакыны, ошондой эле Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 12 пайыздан ашыгы туура келди.

Пикир

Оставить комментарий