• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

2021-жылдын эки айында Кыргызстандын тышкы соодасы 800 млн долларды түзүп, 18,3%га азайган

Экономика 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын товар айлантуудагы тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-февраль айларында 800 млн долларды түзүп, 2020-жылдын январь-фейралына салыштырмалуу 18,3%га азайган. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.

Анын айтымында, муну менен катар экспорттунк берүүлөр 25,5%га, импорттук түшүүлөр – 15%га түшүп кеткен.

“КРнын Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен өз ара сооданын көлөмү 2021-жылы январь-февраль айларында 393 млн долларды түзүп, 2020-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 12,9%га азайган. Ошондой эле, экспорттук берүүлөр 17,1%га, импорттук түшүүлөр 11,6%га кыскарган. ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүргүзүүнүн көбүрөөк көлөмү Россияга (68%) жана казакстанга (29,3%) туура келет”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий