• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2021-жылдын январь айында пенсия толук түрдө төлөнөт – Соцфонд

Коом 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. 2021-жылдын январь айында пенсия толук жана өз убагында төлөнүп берилет. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 2020-жылдын декабрь айына карата пенсияны төлөөгө болгон муктаждык 4 млрд 156 млн сомду түзөт.

"18-декабрга карата пенсия 95%га төлөнүп берилди. Жакынкы аралыкта графикке ылайык калган пенсиялар толук түрдө төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий