• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2021-жылдын тогуз айында пенсия жана жөлөкпулга 37,3 млрд сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-сентябрь айыларында пенсия жана жөлөкпулга 37 млрд 327,3 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкек шаары — 6 млрд 106,9 млн сом;

- Чуй облусу — 5 млрд 736,2 млн сом;

- Нарын облусу — 2 млрд 972,5 млн сом;

- Ысык-Көл облусу — 3 млрд 396,4 млн сом;

- Талас облусу — 1 млрд 542,5 млн сом;

- Ош шаары — 1 млрд 342,5 млн сом;

- Ош облусу — 6 млрд 838,3 млн сом;

- Баткен облусу — 2 млрд 989,8 млн сом;

- Жалал-Абад облусу — 6 млрд 402,2 млн сом.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2021-жылдын сентябрында 4 млрд 81,3 млн сом түздү.

Пикир

Оставить комментарий