• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2021-жылга чейин ИДП 4,4%га чейин өсөт - божомолдор

Экономика 0

Бишкек, 07.12.18. / Кабар/. Экономиканын өсүүсү оң багытта сакталса 2019-2021-жылдарга чейин ИДПнын реалдуу өсүү темпи 4%, 4,2%, 4,4%дын деңгээлинде божолдонууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда КРнын Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

Анын айтымында, бюджетти пландоону жакшыртуу, бюджеттик тартипти күчөтүү үчүн бюджетти экономикалык классификация боюнча түзүү, республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн чейректик топко бөлбөй түзүү сыяктуу сунуштар каралган.

Маалыматка ылайык, ал программалык бюджетке өтүүнү жандантууга, каржы жылы ичинде министрлик жана мекемелерге бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана туура пайдаланып, маалымкат-документтердин санын азайтуу аркылуу убакыт менен ресурстарды үнөмдөөгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий