• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2021-жылы азык-түлүктүн, алкоголдун жана тамекинин баасы кымбаттаган – статистика

Экономика 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 2021-жылдын январь-декабрында 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу 11,2 пайызды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында Статкомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Ал кошумчалагандай, 2020-жылдын декабрында көрсөткүч 9,7 пайызды түзгөн.

«Аны менен катар азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалар 13,3%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына баалар 11,4%га, азык-түлүктөн башка товарларга дээрлик 10%га жана калкка кызмат көрсөтүү 7,1 пайызга жогорулаган», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий