• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамкурулуш: 2021-жылы Баткен облусу боюнча 23 соцобъект бүткѳрүлгѳн

Коом 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Баткен облусу боюнча 23 социалдык объекттилеринин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен (Мамкурулуш) билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан, республикалык бюджеттин эсебинен 46 социалдык объекттердин курулушуна жана капиталдык оңдоп-түзөөсүнѳ 505 млн сом каржыланган.

Белгилей кетсек, 23 объектинин ичинен, 2021-жылдын жаз айларында кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен жана Лейлек райондорундагы 5 мектептин, 1 бала бакча, 1 ФАПтын курулушу жана оңдоп-түзөөсү бүткөрүлдү. Ошондой эле авариалык мектептердин ордуна 2 мектеп Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылды.

Учурда агенттик тарабынан 2022-жылдын республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин тизмесине, Баткен облусу боюнча 44 социалдык объект сунушталды. Анын ичинен 29 курулуш объектиси, 7 капиталдык ондоп-түзөө объектиси жана 8 ичүүчү суу менен камсыздоо объектилери. Бул объекттерди бүткөрүүгө жалпысынан 1 млрд 480 млн 300 миң сом керектелет.

Пикир

Оставить комментарий