• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2021-жылы беденин үрөнүн Россиядан экспорттоо пландалууда – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. 2021-жылы беденин үрөнүн Россиянын Омск, Челябинск жана Свердлов облустарынан экспорттоо пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, Советтер союзу мезгилинде Кыргызстанда өндүрүлгөн беде үрөнү Россия, Белоруссия жана Прибалтика өлкөлөрүндө чоң суроо талапка ээ болгон.

"Беде үрөнүн өндүрүүнү жандандырып жөнгө салышыбыз зарыл. Мындан сырткары, биздин селекция-окумуштууларыбыз тарабынан жаңы беденин сорттору чыгарылып жатат. Мисалы беденин "Бектур" сорту Б. Тентиевага таандык", - дейт Жумалиев.

Жумалиев кошумчалагандай, эл аралык үрөн рыногунда орун табуу үчүн Кыргызстан үрөн өндүрүүнү этап-этабы менен жогорулатышы керек.



Пикир

Оставить комментарий