• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2021-жылы калктын мамлекеттик органдарынын ишмердигине болгон ишеним индексинин графиги

Экономика 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Улуттук статистика комитети 2021-жылдын I жарым жылдыгындагы калктын мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине болгон ишеним индексин көрсөттү.

Агы ылайык, изилдөө 2021-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө 18 жаштан 75 жашка чейинки жаштагы Кыргызстандын жарандарына - 3 600 респондентке сурамжылоо өткөрүлдү.

Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча аткаруу бийлигинин, мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине калктын ишениминин индекси 26,0 баллды түздү.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий