• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы дээрлик жарымына төмөндөдү

Экономика 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Республикада айыл чарба өсүмдүктөрү чаап-жыйноо аяктады. 2021-жылдын жыйынтыгына карата 577 миң гектар аянттан кылкандуу дан эгиндери жыйналды.

Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, чабылган аянттан 1,3 миллион тонна дан (тазалгандан кийинки салмакта) же 2020-жылга салыштырмалуу 28,4 пайызга аз бастырылды.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышынын негизги көрсөткүчтөрү

Нет описания.

Нет описания.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн кыскарышын шарттады. Мында, буудайдын дүң жыйымы өткөн жылга караганда 42,3% га, арпанын - 46,3% га кыскарды.

Мындан тышкары, май өсүмдүктөрү ушул мезгил ичинде дүң жыйымы - 25,4% га, кант кызылчасы - 18,5% га, бакча өсүмдүктөрү - 14,0% га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 4,4% га, дан жүгөрү - 3,2% га, картошка - 2,9% га жана жашылчалар - 1,5% га төмөндөдү.

Пикир

Оставить комментарий