• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2021-жылы Кыргызстан Кореянын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине кирди

Саясат 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. 2021-жылы 18-июнда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелова Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Хёк Санг Сон менен жолугушуп, анын жүрүшүндө тараптар долбоорлордун жүрүшү жана жакынкы жылдарга кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу элиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, KOICA президенти ушул жылдын башында Кыргызстан Корея Республикасынын артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрүнүн тизмесине киргенин маалымдап, долбоорлорду ишке ашырууда көп тармактуу ыкманы баса белгиледи.

Элчи Динара Кемелова айылдарды жана аймактарды, айыл чарбасын, билим берүүнү, санариптештирүүнү, өрт коопсуздугун жана башка маанилүү социалдык-экономикалык тармактарды өнүктүрүүгө багытталган жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандын автоматташтырылган шайлоо тутумун өркүндөтүүгө, ирригациялык инфраструктураны жакшыртууга жана элди таза суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү суранды.

Маектешүүчүлөр адамдык ресурстардын жана инфраструктуранын потенциалын жогорулатуу боюнча пикир алмашып, COVID-19 пандемиясы жайылуу шартында саламаттыкты сактоо, маалыматтык технология, билим берүү жана адистерди даярдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдү жана кызматташтыкты улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий