• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2021-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,4 млрд долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. 2021-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР экономика жана финансы министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,4 млрд долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 40,5%га өскөн.

Алсак, 2021-жылы республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга – 66,7% жана Казакстанга – 30,9% туура келген.

"Ошентип, өткөн жыл мамлекеттик башкаруунун жаңы системасындагы аткаруу бийлик органдарынын ишинин биринчи жылы болду, бул ишке болгон мамилени өзгөртүүнү талап кылды. Бул татаал өткөөл этап болуп, анын жүрүшүндө үзгүлтүксүз иштөө үчүн бардык колдо болгон ресурстарды мобилизациялоо керек болчу", - деп белгиледи министр.

Кошумчалай кетсек, өлкөнүн экономикасы ковидден кийинки мезгилде өнүгүп жатат, бул дагы дүйнөлүк экономикалык системаны реструктуризациялоонун бардык белгилерине ээ болгон кырдаал катары мүнөздөлөт.

Пикир

Оставить комментарий