• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2021-жылы салык жана бажы төлөмдөрү 41,4%га өстү — Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. 2021-жылы салык жана бажы төлөмдөрү 2020-жылга салыштырмалуу 41,4%га өсүп, 152,6 млрд сомду түздү. Мындай маалыматтар Экономика жана коммерция министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиясында айтылды.

Ведомстводон билдиришкендей, мындай жыйынтыкка жетишүүгө ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер түрткү болду. Алсак, ЕАЭБде ташуулардын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жана товарларды ташууда бажы төлөмдөрүн, салыктарды, атайын демпингге каршы, компенсациялык төлөмдөрдү төлөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуулар иштелип чыккан; ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык декларациялоодо, өткөрүүдө товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн көрсөткүчтөрү белгиленген.

Кыргызстандын сунушу боюнча Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары ЕАЭБ өнүктүрүү институтун түзүүнү камтыган, ал мүчө-мамлекеттердин экономикасын түзүмдүк трансформациялоонун, ошондой эле максаттуу өнүктүрүү программаларынын финансылык инструментине айланат.

Быйыл Кыргызстан Биримдиктин органдарында – Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде төрагалык кылат.

Пикир

Оставить комментарий