• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

2021-жылы "Сеул-Бишкек" аба каттамы ачылат – транспорт министри

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. 2021-жылы "Сеул-Бишкек" аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирди.

Отурумда депутат Жанар Акаев Түштүк Кореяда 6 миңге жакын кыргызстандык бар экенин, Сеул менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамы ачылса мекендештер үчүн жакшы болмок экенин айтты. Аны менен бирге ал мындан мурда Тажикстандын "Сомон Эйр" компаниясы менен "Душанбе-Бишкек-Сеул" аба каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болору айтылганын сөз кылып, транспорт министрине бул маселе кандай жүрүп жатат деген суроо узатты.

"Сомон Эйрге" бардык тиешелүү уруксаттарды бергенбиз. Кореянын элчиси да ал каттамды ачуу боюнча көп аракеттерди көргөн. Тилекке каршы Кореянын авиациялык бийлиги ага макул болбой коюшкан", - деди ал.

Бирок ошол эле учурда ал Кореянын T'way компаниясы 2021-жылы "Сеул-Бишкек" аба каттамын ачарын айтып өттү.

"Кореянын T'way компаниясы менен 2021-жылы "Сеул-Бишкек" аба каттамын ачуу боюнча документке кол коюлган. Аба каттам март айынан тарта жүргүзүлө баштайт", - деди ал.

Андан кийин депутат Калдарбек Баймуратов аталган каттамды "Сеул-Ош" багыты боюнча ачуу туура болмок деген сунушун айтты.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев бул маселе карала турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий