• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. 2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд 883 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолун реконструкциялоого 1 млрд 250 млн сом, Балыкчы—Тамчы—Корумду унаа жолун реконструкциялоого 275 млн сом, Баткен облусундагы унаа жолдорун курууга 286,5 млн сом каралган.

“2021-жылы 147 чакырым узундугунда унаа жолдору курулган. Ал эми 2019-2020-жылдарга карата Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карызы 1 млрд 300 млн сомду түзүп, азыркы учурдагы насыялык карызынын көлөмү 850 млн сом”, – деди ал.

Ошондой эле Нурланбек Кайыңбаев бүгүнкү күндө унаа жолдорун реконструкциялоого жана курууга багытталган 14 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий