• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2022-2023-окуу жылына Венгриянын ЖОЖдорунда окууга конкурстук тандоого өтүнмөлөрдү кабыл алуу уланууда

Билим 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги Stipendium Hungaricum программасынын алкагында Венгриянын жогорку окуу жайларында окууга 2022-2023-окуу жылына карата конкурстук тандоого өтүнмөлөрдү кабыл алуу улантылып жатканын билдирет.

Стипендиялык программага катышууга шарттар жана талаптар КР Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында (https://edu.gov.kg, “Стипендиялар” бөлүмү) http://student.edu.gov.kg/» онлайн системасында жайгаштырылган.

Алдын ала конкурстук тандоого:

– Кыргыз Республикасынын жарандары;

– 2004-жылдын 31-августуна чейин төрөлгөн талапкерлер, башкача айтканда, 2022-жылдын 31-августуна чейин 18 жашка толгондор;

– 2022-жылдын 14-январына саат 23:59га чейин “Stipendium Hungaricum Scholarship Program” программасынын онлайн системасына (https://apply.stipendiumhungaricum.hu) билдирме жөнөтүп, тиешелүү бөлүктөрдү толтуруп, керектүү документтердин баарын тиркеген жана ушундай эле жумушту кыргыз тараптын онлайн системасында (https://student.edu.gov.kg) да 2022-жылдын 15-январына саат 23:59га чейин аткарган жана эки системада тең техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер катыша алышат.

Пикир

Оставить комментарий