• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2022-2024-жылдарга бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган документти кабыл алуу Кыргыз Республикасынын бажы кызматын модернизациялоо, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Мындан улам КР министрлер кабинети тарабынан 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жана 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү чечими кабыл алынган.

Белгилесек, 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге бажы кызматын өнүктүрүүнүн жана бажылык башкарууну жакшыртуунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий