• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2022-2024-жылдарга КРнын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоору талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө алдыдагы орто мөөнөттүү багыттар боюнча фискалдык саясатты ишке ашыруунун негизги багыттарын аныктоо максатында иштелип чыккан 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоору каралды.

«2020 -жылы республикада киргизилген чектөөчү санитардык -эпидемиологиялык чаралар оор экономикалык кесепеттерге алып келди. Учурда кырдаал акырындык менен калыбына келип, республикалык бюджетке түшкөн салыктын көлөмү көбөйүүдө, калкты эмдөө кызуу жүрүп жатат. Экономикалык өсүштү калыбына келтирүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Фискалдык саясаттын сунушталган планы бул чараларды тең салмакташтырууга мүмкүндүк берет жана кризистик мезгилде бизнес структураларды да, агроөнөр жай комплексин, айыл чарбасын, энергетиканы жана өнөр жайын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт», - деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Андан ары бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров баяндама жасады.

Акылбек Жапаров өз докладында фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун кеңири тааныштырды жана баса белгиледи.

«Бул документтин алкагында, ошондой эле артыкчылыктуу экономикалык каржылоо үчүн бюджеттик ресурстарды тартуу, өнүктүрүү программалары, мындан сырткары бюджеттин орто мөөнөттүү божомолунун үч жылдыктан беш жылдык горизонтко өтүүсү үчүн шарттарды түзө турган турукташтыруу фондун түзүү каралууда”, - деп түшүндүрдү Акылбек Жапаров.

Талкуунун жыйынтыгында бул долбоор Кеңештин отурумунда айтылган сунуштарды жана сын -пикирлерди эске алуу менен жактырылды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Экономика жана финансы министрлигине тез арада иштелип чыккан долбоорду Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин кароосуна киргизүүнү тапшырды

Пикир

Оставить комментарий