• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

2022–2026-жылдарга КРда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. 2022–2026-жылдары Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары практикалык ишке киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, 2022–2026-жылдары Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасынын Иш-чаралар планы жана Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы да иштелип чыккан.

Алсак, мурда көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргызстан «The Economist Intelligence Unit» көз карандысыз компаниясынын баалоосуна ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңыдан пайда болгон өсүү стадиясына өтүү менен 69 өлкөнүн арасынан 22-орунда турат.

2021-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун пайда болушу жана ишке ашырылышы үчүн натыйжалуу укуктук шарттарды жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында президент тарабынан МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жол-жоболорун оптималдаштыруу жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын координациялык ролун күчөтүү менен «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясына кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий