• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2022-жыл Түрк дүйнөсүндө "Токтоболот Абдумомунов жылы" деп жарыяланды

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. 2022-жыл Түрк дүйнөсүндө "Токтоболот Абдумомунов жылы" деп жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Өзбекстандын Хива шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин XXXVIII жыйынында кабыл алынды.

Белгилүү драматург, жазуучу, коомдук ишмер, кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке айылында туулган.

Ал бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.

1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенген.

1939-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик медициналык институтуна өтүп, 3-курстан оорудан улам, таштоого мажбур болгон. Студент кезининен Т.Абдумомунов театрга көп барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арткан.

Чыгармачылыгы "Кумдуу чап","Курман" пьесалары менен башталган.

Т.Абдумомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.

Ал чыгармачылык менен катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-катчысы, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.

Көзү өткөндөн кийин 1991-жылы улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдумомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган.

Маданият жана искусство тармагынын өнүгүп өсүшүнө кошкон салымы жогору байланып, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган.

Ал 1989 -жылы 67 жашында дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий