• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2022-жылдын башынан бери ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү $1,3 трлн түздү

ЕАЭБ 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын январынан октябрь айына чейинки аралыкта Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,3 трлн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргызстандын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алдын ала жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 100 пайызды түзгөн.

"Алсак, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи Кыргызстанда – 14,3%га, Арменияда – 9,9%га, Казакстанда – 1,4%га, ал эми Россияда 0,1%га байкалган. Өз кезегинде Беларусь Республикасында 5,9%га төмөндөө байкалган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий