• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2022-жылдын башында калктын реалдуу акчалай кирешелери 4,3 пайызга өскөн

Экономика 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында 307,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,7 пайызга көбөйдү.

Бул аралыкта керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 272,3 млрд сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,3 пайызга көбөйдү.

Калктын адам башына эсептелген акчалай кирешелери жалпы республика боюнча айына 7 408,7 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,2 пайызга көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий