• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2022-жылга өлкөнү өнүктүрүүнүн макроэкономикалык сценарийи 3,7% деңгээлинде бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү.

«Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы туура жүргүзүлгөн акча-кредит жана салык-бюджеттик саясаттын эсебинен экономикалык өсүштүн оң тенденциясын көрсөттү. Кабыл алынган антикризистик чаралардын пакети кыска мөөнөткө тышкы экономикалык таасирлерди минималдаштырууга мүмкүндүк берди», - деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджет мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу дээрлик 30 млрд сомго өстү жана алдын ала эсептөөлөр боюнча 312,2 млрд сомду түздү. 2020-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу консолидацияланган бюджеттин ресурстары 60 млрд сомдон ашуун көбөйдү, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу өсүү 70 млрд сомдон ашык болду.

«Буга байланыштуу туура жана натыйжалуу координациялоодо кризис биздин экономикабыз үчүн өсүш катары кызмат кыла алат деген сөздү дагы бир жолу эске салгым келет. 2022-жылга консолидацияланган бюджет боюнча 400 млрд сом эсебинде ориентир белгиленген. Бул көрсөткүчкө социалдык-экономикалык туруктуулукка жетишүү, импортту алмаштыруу боюнча иштерди күчөтүү, экспорттук потенциалы жогору артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү, энергетика жана ирригация, жол-транспорт тармагында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигинде жана Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүгүн активдүү пайдалануу аркылуу гана жетишүүгө болот. Буга катар ишкерлик үчүн жагымдуу бизнес-шартты түзүү жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга багытталган чараларды унутта калтырууга болбойт», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан экономикалык активдүүлүккө өз таасирин тийгизе турган, баа туруктуулугун кармоого багытталган акча-кредит саясаты экономикалык өсүштү колдоого өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынтыгы боюнча чечим долбоору кабыл алынып, 2022-жылга өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык сценарийи 3,7% деңгээлинде бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий