• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2022-жылы 1,7 трлн сомго 10,5 млн электрондук эсеп-фактура таризделген - МСК

Экономика 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. 2022-жылы ишкердик субъекттер жүгүртүү суммасы 1,7 трлн сомго 10,5 млн электрондук эсеп-фактура тариздешкен. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусундагы жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Апсамат Мурзакматов билдирди.

"Бүгүнкү күндө электрондук эсеп-фактураны 29 миң 560 салык төлөөчү колдонууда, бул 2021-жылга салыштырмалуу 13 миң 924кө көп", - деди ал.

Эске салсак, 2020-жылдын 1-июлунан баштап электрондук эсеп-фактураларды КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр милдеттүү түрдө колдонушууда.

Жалпысынан аталган механизм ишке киргизилгенден бери ишкерлер 3,3 трлн сомго 20,4 млн электрондук эсеп-фактураларды беришкен.

Пикир

Оставить комментарий