• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношкон

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. 2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношкон. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

"Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар дүйнөнүн 23 өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат. Министрликтин линиясы боюнча Улуу Британия, Түштүк Корея, Германия, Япония менен жумуш орундарын камсыз кылуу боюнча келишимдер түзүлүп, Болгария, Финляндия менен келишимдер даярдалууда. Ошол эле учурда иш менен камсыз кылуу боюнча 142 жеке агенттик бар, алардын ишмердүүлүгүн Эмгек министрлиги көзөмөлдөйт, дүйнөнүн 23 өлкөсүндө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт", - деди министр.

Анын айтымында, өткөн жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан тышкы жумуштуулук чөйрөсүндөгү иштин алкагында 12 миң кыргызстандык жумушка орношкон, алардын үчтөн бири аялдар. Андан тышкары, дагы 66,3 миң адам жумушка орношуу боюнча кеп-кеңеш алышты.

Пикир

Оставить комментарий