• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

2022-жылы 386 соцобъектти курууга жана капиталдык оңдоого 2,4 млрд сом каралган

Коом 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылануучу объекттердин бекитилген тизмесине ылайык 386 объектиге 2 млрд 400 млн сом каралды.

Анын ичинен:

  • 257 курулуш объектисине 1 млн 950 млн сом;
  • 57 оңдоп-түзөө объекттерине 150 млн сом;
  • 72 ичүүчү суу менен камсыздоо объекттерине 300 млн сом.

Бүгүнкү күнгө карата КР Финансы министрлиги тарабынан 1448,2 млн сомго каржылоо ачылды.

Бөлүнгөн каражаттарга Мамкурулуш 2022-жылы 82 объектти бүткөрүүнү пландоодо:

  • 51 курулуш объектиси;
  • 13 оңдоп-түзөө объектиси;
  • 18 ичүүчү суу менен камсыздоо объекттери.

2022-жылдын январь-июль айларында 3 объекттин курулушу аягына чыкты:

  • Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернационал айылындагы спорткомплексинин курулушу;
  • Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу;
  • Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы А.Идинов атындагы 225 орундуу мектептин курулушу (Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен).

Ал эми 2021-жылдын 1-жарым жыл ичиндеги объекттердин курулушундагы жана оңдоп-түзөөсүндөгү абалы менен салыштырсак, 2021-жылдын январь-июнь аралыгындагы тизме боюнча 174 объектке 1 млрд 858,2 млн сом акча каражаты каралган:

  • 121 капиталдык курулуш объекттерине 1 млрд 568,5 млн сом;
  • 29 капиталдык өндоп-түзөө объекттерине 89,7 млн сом;
  • 24 ичүүчү суу менен камсыздоо объекттерине 200 млн сом.

КР Финансы министрлиги тарабынан 889,9 млн сомго каржылоо ачылып, январь-июнь айында 15 объект бүткөрүлгөн (11 курулуш, 4 капиталдык оңдоп-түзөө объекттери). Жогорудагы жарым жылдык көрсөткүчтөр боюнча бүткөрүлгөн объекттердин саны 12 объектиге азайып кеткен.

Мындай көрүнүштүн негизги себеби, 2021-жылы курулуш материалдардын жана кызмат акыларынын наркы кескин түрдө кымбаттап кетиши объекттердин курулуш темптерине терс таасирин тийгизип, подряддык келишимде каралган акча каражаттардын суммасы жетпегендиктен, социалдык объекттерди бүткөрүү үчүн кошумча каржылоо маселесин чечүү көйгөйлөрү жаралган.

Бул объектилерди убагында бүткөрүү максатында Мамкурулуш учурда 2022-жылдын тизмесине киргизилген 386 объектиге кошумча керектелүүчү каражатты ресурстук эсептеринин (фактылык эсеби) негизинде чыгаруу боюнча учурда иш-чараларды жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий