• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2022-жылы Бажы кызматы 74,3 млрд сом чогултуп, планды 100,8 пайызга аткарды

Коом 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын январь-декабрь айларында Бажы кызматы тарабынан 74,3 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыз болду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 100,8 пайызга аткарылган же 604,8 млн сомго көп чогултулган. 2021-жылдын ушул мезгилине карата бул сумма 46,9 млрд сомду түзгөн. Тагыраак айтканда, ушул жылы 12 айда 27,4 миллиард сомго көбүрөөк чогултулган, ал эми өсүү темпи 158,5 пайызды түзгөн.

“Мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрүн 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырсак, анда бажы кызматы тарабынан 40 млрд сомго көп берилген. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,5 млрд сомго көп. Ошондой эле 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31 млрд сомго көп”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий