• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2022-жылы бажыдагы укук бузуулар жана кылмыштардын 3 миң 482 фактысы катталды

Коом 0

Бишкек, 28.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын 11 айында бажы мыйзамдары жаатындагы укук бузуулар жана кылмыштардын 3 миң 482 фактысы катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, келтирилген зыяндын суммасы 482 млн 600 миң сомду түзөт.

“Анын ичинен укук бузуулар боюнча 3 миң 246 иш козголгон. Жыйынтыгында 21,2 млн сом өлчөмүндө айыппул салынган. Ал эми кошумча түшүүлөрдүн өлчөмү 296,7 млн сом болгон. Бажы кылмыштары боюнча 236 материал башка тиешелүү органдарга өткөрүп берилген. Андан 201,9 млн сом өлчөмүндө зыяндын орду толтурулган. Мамлекеттик бюджетке кошумча түшүүлөрдүн жалпы суммасы 519,8 млн сомду түздү”, - деди Исабеков.

Пикир

Оставить комментарий