• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2022-жылы берилген микрокредиттердин 48%дан ашыгы керектөө муктаждыктарына багытталды

Экономика 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. 2022-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 39 млрд сомдон ашты, мында алуучулардын саны 672 миң адамды түздү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, микрокредиттерди алган калктын саны 2021-жылга салыштырганда 4,3%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 6%га көбөйгөн.

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (7,4 млрд. сом же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19,0%ы), Ош облусунун (6,8 млрд. сом же 17,4%), Чүй (6,4 млрд. сом же 16,3%) жана Жалал-Абад облустарынын (5,7 млрд. сом же 14,6%) алуучуларына берилген.

2022-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48,5%ы керектөө муктаждыктарына, 23%дан ашыгы айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 11,7%ы - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6,3%ы курулушка багытталды. Муну менен бирге мурунку жылга салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарына берилген микрокредиттердин үлүшүнүн олуттуу - 10 пайыздык пунктка көбөйүшү байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү тескерисинче 5,1 пайыздык пунктка, курулушка берилген микрокредиттердин үлүшү 2,1 пайыздык пунктка кыскарды.

2022-жылы микрокредиттерди белгиленген мөөнөткө ылайык кайтаруунун деңгээли мурунку жылга салыштырмалуу 1,6 пайыздык пунктка көбөйүп, 97,1%ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий