• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2022-жылы Билим берүү министрлигине 23 миңден ашуун кат келип түшкөн

Билим 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин Документтик камсыз кылуу бөлүмү 2022-жылы 37 миң 865 катты кабыл алган жана жөнөткөн.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министрликке 23 миң 574 кат келип түшүп, 14 миң 291 кат министрликтен башка органдарга жөнөтүлгөн.

Министрликке жарандардан 5087 кайрылуулар жана арыздар, жогорку инстанциялардан – 3 миң 833 кат, башка министрликтерден, мекемелерден, уюмдардан, министрликтин алдындагы мекемелерден – 14 миң 456 кат, “ишеним телефону” аркылуу 40 кайрылуу жана 158 башка түрдөгү каттар келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий