• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2022-жылы ЕАЭБде аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу түзүлөт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. 2022-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мейкиндигинде аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын бухгалтердик учетту жана финансылык эсепти өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Карачач Осмонова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Беларусь, Казакстан, Армения жана Россиянын аудиторлор рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

“Бул майда аудитордук компанияларды чоңураак компанияларга кошулууга түртөт. Биз учурда бир компанияда үчтөн көп эмес адам иштей тургандай норманын үстүндө иштеп жатабыз. Мыйзамга ылайык, 2ден ашык эмес адам иштеши керек”, - деди Осмонова.

Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиев ЕАЭБдин бирдиктүү рыногу чоң атаандаштыктан улам майда компаниялардын биригүүсүнө алып келерин айтты.

Жалпысынан Кыргызстанда 112 аудитордук компания бар. Аларда 413 аудитор иштейт. Ошондой эле реестрде 23 индивидуалдык аудитор бар.

Пикир

Оставить комментарий