• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2022-жылы ККМдин саны 58,7 миңге жетип, кирешеси 1,4 трлн сомду түздү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылы 23 миң 740 ККМ (көзөмөлдөөчү кассалык машина) иштегени менен системага кирген эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын 18-ноябрына карата 58 миң 766 ККМ картага киргизилди.

“Азыр биз ар бир ККМди көрүп турабыз. 2021-жылы кассалык аппараттардын кирешесинин суммасы 700 млрд сомду түзсө, 2022-жылдын 10 айында киреше 1 трлн 400 млрд сомду түздү. Мисалга алсак, бут кийим саткан LION дүкөнү 20-ноябрга карата 2,3 млн сом, 21-ноябрда 1,4 млн сом чек басты. Жылдын аягында тапкан кирешеси дагы системада көрсөтүлөт”, - дейт ал.

Жапаров чекти талап кылуу боюнча лотореясына 149 миң 698 адам катышып, 14,7 млрд сом суммага чекти сканерден өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий