• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2022-жылы КР Башкы прокуратурасы 3 миң га жерди мамлекетке кайтарган

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. 2022-жылы КР Башкы прокуратурасы 3 миң 380 га жерди мамлекеттин карамагына кайтарган. Бул тууралуу маалымат жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз басып алынган жерлердин эң көп бөлүгү Сокулук жана Аламүдүн райондоруна туура келет. Мисалы, Сокулук районунда 1 миң 498 га жер мамлекетке кайтарылды.

“Мыйзамсыз курулушка каршы көптөгөн иштер козголду. Жерге үй курулуп калган учурлар көп, мында биз мыйзамдын алкагында чечимдерди чыгарабыз”, - деди ал.

Мындан тышкары, башкы прокурор 2022-жылдын жыйынтыгы менен 21 социалдык объект, 4 бала бакча, 3 саламаттык сактоо мекемеси жана 1 мектеп мамлекеттин менчигине өткөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий