• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2022-жылы Улуттук банктын кирешеси 9 млрд сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы Улуттук банктын кирешеси 9 млрд сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Ал кирешенин так саны тышкы аудиторлор тарабынан тастыкталгандан кийин билинерин белгиледи.

Ошондой эле Карабаева Улуттук банк акча табуу максатында валюталык интервенция жасабай турганын кошумчалады.

"2022-жылы валюта рыногунда 486 млн доллар сатты. Ошол эле учурда доллар сатып алуу боюнча дагы интервенция жасалды. Анда сунуш суроо-талаптан ашып кеткендиктен 190 млн доллар сатып алды. Валюталык интервенциялар алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө үчүн жүргүзүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий