• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2022-жылы “Кумтөрдө” 17,3  тонна алтын өндүрүлгөн - видео

Экономика 0


Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. 2022-жылдын 12 айында “Кумтөрдө” 17,3 тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөрдү 32,1 млрд сом суммасында которгон, план боюнча 30,1 млрд сом болчу. Муну менен төлөмдөрдү которуу 6,6% жогору болду. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” ЖАК 2022-жылга карата өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралган кеңешмеде айтылды.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК президенти Алмаз Барыктабасовдун айтымында, алтын өндүрүдөн чыккан калдыктар кайрадан жарым кургак зыянсыз аралашма болуп иштелип чыгат.

2026-жылдан тартып калдык сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынып башталат. Ошентип жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынары пландалууда.

Калдык сактоочу жайдагы калдыктарды толук кайра иштетүү 2040-жылга чейин болот. Калдык сактоочу жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд АКШ доллары деп бааланууда.

Ошондой эле, Алмаз Барыктабасов дөңгөлөк чыгаруучу заводду куруу долбоору тууралуу маалымат берди, анын максаты “Кумтөр” кенинин кен казуучу самосвалдарынын дөңгөлөктөрүн гана эмес, Кыргызстандын аймагындагы жеңил жана жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн дагы кайра иштетүү.

Пикир

Оставить комментарий