• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

2022-жылы Кыргызстан менен Саха Республикасынын күндөрүн эки өлкөдө өткөрүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Саха (Якутия) Республикасынын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Андрей Федотов менен жолукту.

Жолугушуу 6-февралда Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде өттү.

Иш-чарага Саха Республикасынын (Россия) Тышкы байланыштар жана иштер боюнча министри Гаврил Кириллин жана "Намский улус (район)" муниципалдык түзүмдүн башчысы Юрий Слепцов катышты.

Жолугушууда 2022-жылы Кыргызстан менен Саха Республикасынын күндөрүн эки өлкөдө өткөрүү сунуштары айтылды. Иш-чаранын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер жана экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар, туризм, миграция, билим берүү чөйрөлөр алкагында кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашуулар болду.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылды өткөрүүгө даярдык көрүү, Саха (Якутия) Республикасынын жана ал аймактагы кыргыз диаспоралык уюмдардын катышуусу тууралуу маселелерди талкуулашты.

А.Жекшенкулов кыргыз тарабы эки республиканын ортосунда келечекте ишке ашуучу иш-чаралардын үстүндө биргелешип иштөөгө даярдыгын жана кызыкдар экендигин билдирди жана конкреттүү иш план иштеп чыгууну сунуштады.

Якутия делегациясынын башчысы, Саха (Якутия) Республикасынын РФнын президентинин алдындагы туруктуу өкүлү А.Федотов эки тараптуу мамилелердин өсүү динамикасын жана тыгыз байланыштардын активдүүлүгүн жогору белгилеп, кыргыз диаспорасы менен конструктивдүү иштерди, ошондой эле азыркы кезде чечилбеген маселе жоктугун маалымдап кетти.

Якутияда элчиликтин кеңсесин ачуу боюнча уюштуруу маселелер талкууланды. Якутия тарабы кеңсенин ачылышына керектүү көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Якутиянын ортосунда достук мамилелерди мындан ары да бекемдеп, өнүктүрүү жана муниципалдык башкармалыктар ортосунда байланышты орнотуу тууралуу келишимге келишти. Кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара пайдалуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеп кетишти.

Пикир

Оставить комментарий