• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

2022-жылы Кыргызстанда пенсия 90%га чейин көбөйтүлдү

Экономика 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү 90%га чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11 айы үчүн Социалдык фондго пенсиялык камсыздоого байланыштуу чыгымдарды каржылоо боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткарууга (пенсиянын базалык бөлүгү, пенсияларга кошумча төлөөлөр, компенсациялар, көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине пенсиялары, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашагандарга пенсиялары, аскер кызматчыларынын пенсиялары) республикалык бюджеттен 29 млрд 352,3 млн сом бөлүнгөн.

Анан ичинен:

- мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого – 18 млрд 867,5 млн сом;
- электр энергиясы үчүн компенсацилык төлөмдөрдү каржылоого – 2 млрд 009,8 млн сом;
- аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо каржылоого – 4 млрд 204,0 млн сом;
- калктын айрым категорияларына жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылууну каржылоого жана (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашагандарга жана башка) пенсияларга кошумча төлөө каржылоого – 3 млрд 989,8 млн сом;
- Баткен облусунун өзгөчө статусу бар чек арага жакын аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлердин пенсияларга компенсациялык төлөмдөргө - 281,2 млн сом.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Социалдык фонддун трансферттердин көлөмү 42,3 пайызга же 8 729,0 млн сомго көбөйгөн. Негизинен өзгөрүүлөр демографиялык өзгөрүүлөргө (пенсия алуучулардын санынын көбөйүшү), ошондой эле Баткен облусунун пенсияларына компенсациялык төлөмдөр берилип башталгандарына байланыштуу.

Ошондой эле 2022-жылы пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрыда №504 “2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө” токтому кабыл алынды. Айтылган токтомго ылайык, пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулатылды.

Пикир

Оставить комментарий