• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2022-жылы кыргызстандыктардын комбанктарга депозитке акча салуусу 39%га өскөн

Экономика 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. 2022-жылы банктар тарабынан кабыл алынган депозиттердин көлөмү 339 млрд сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 39,5%га өскөн (242,9 млрд сом).

Улуттук банктан билдиришкендей, анын ичинен:

- юридикалык жактардын депозиттери 134,6 млрд сомду түзгөн (36,7 пайызга өсүү менен);

- жеке адамдардын депозиттери 129,5 млрд сомду түзгөн (13,9 пайызга өсүү менен);

- бийлик органдарынын депозиттери 23,2 млрд сомду түзгөн (49,8 пайызга өсүү менен);

- резидент эместердин депозиттери 49,6 млрд сомду түзгөн (268,1 пайызга өсүү менен);

- башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттери 2,0 млрд сомду түзгөн (13,5 пайызга өсүү менен).

2022-жылы депозиттердин түзүмүндө 154,6 млрд сомго жеткен чет өлкө валютасында ачылган депозиттер менен салыштырганда суммасы 184,9 млрд сомду түзгөн улуттук валютада ачылган депозиттер басымдуулук кылат.

Акыркы 5 жылдын аралыгында коммерциялык банктардагы депозиттик база 154,7 пайызга (133,1 млрд сомдон 339,0 млрд сомго чейин) өскөн.

Пикир

Оставить комментарий