• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2022-жылы Кыргызстандын маданият тармагына 135,5 млн сом каралган

Экономика 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. “Маданият” бөлүгү боюнча учурдагы жылдын 12-айында республикалык бюджетти аткаруу 4 млрд 589,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен чыгымдардын корголгон беренелери боюнча (эмгек акы, Социалдык фондго төгүмдөр, тамактануу, медикаменттер, стипендия жана сот чечимин аткаруу) 3 203,8 млн. сомду түздү, корголбогон беренелер боюнча аткаруу кассалык планга берилген табыштамага ылайык 1 385,4 млн сом сумманы түздү.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 135,5 млн сом акча каражаттары каржыланган

Ошондой эле Азиздер жана дүлөйлөр коомунун китепканасынын борбордук башкармалыгына көрүүсү жана угуусу боюнча майыптарга алыстан “үн кошкон” инфракызыл термометр жана атайын сурдосмартфондорду сатып алуу үчүн 9,6 млн сом каржыланган.

Телерадиопрограммаларды берүү кызмат акысын төлөө үчүн, Санариптик телеберүүсүн жайылтууга кеткен чыгымдарды каржылоого – 480,5 млн сом суммасында каржыланды.

Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча Дерпртаментинин агенттигинин Маданият министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти республикалык бюджеттен 1 451,1 млн.сом чыгаша каржыланды, такталган план 1 474,1 млн сом, 98% ды түзөт. Анын ичинен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча (эмгек акы, СФ төгүмдөрү, тамактануу, стипендиялар) 965,3 млн сом түздү, такталган план 974,9 млн сом түздү же 99% аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий