• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2022-жылы Кыргызстанга Өзбекстандан 3 млн турист келген

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. 2022-жылы Кырпгызстанга Өзбекстандан 3 млн турист келген. Бул тууралуу “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын кооз жерлерге бай шаарларына уюштурулган турларга барган кыргызстандыктардын саны да көбөйдү.

“Келечекте мындай тенденция сакталып, биздин мамилелерди мындан ары тереңдешине салым кошот деп ишенем”, - деди ал.

Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Анын жыйынтыгында болжол менен 168 млн долларлык 11 документке кол коюу күтүлүүдө. Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий