• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

2022-жылы Салык кызматы 19,7 млрд сомго кошумча салыктарды эсептеген

Экономика 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. 2022-жылы салык органдары тарабынан ишкерлерге 16 миң 621 салыктык текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 19 млрд 716,9 млн сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы кошумча эсептелген.

"Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр (өткөн мезгил үчүн актылар боюнча төлөмдөрдү кошкондо) 22,8 млрд сомду түздү, бул 2021-жылга салыштырганда 16,7 млрд сомго көп", - деди ал.

Мындан тышкары, 2022-жылы республиканын салык органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жалпы кошуп эсептелген 4,1 млрд сом суммасында салыктык текшерүүлөрдүн 34 материалы жөнөтүлгөн. Ошондой эле укук коргоо органдарынан ишкерлер тарабынан салыктарды жашыруу бөлүгүндө түшкөн маалыматтарга талдоо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий